Тоолуу Карабахтагы согуш учурунда курман болгон Армения жана Азербайжандын аскер кызматкерлеринин сөөгү Орусиянын тынчтык күчтөрүнүн ортомчулугу менен алмашылды. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирүү жасаган.
"Тоолуу Карабахтагы Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн ортомчулугу жана катышуусу менен Шуша шаарынын айланасында курман болгон бир нече аскер кызматкерлеринин жансыз денелери чогултулду. Армения куралдуу күчтөрүнүн курман болгон аскер кызматкерлеринин сөөктөрү армян тарапка өткөрүлүп берилди. Ошондой эле, Азербайжан армиясынын Шуша шаарынын айланасындагы согуш учурунда курман болгон алты аскер кызматкеринин сөөгү кабыл алынды", - деп билдирген Азербайжандын Коргоо министрлиги.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлеринин 2020-жылдын 10-ноябрындагы кеңешинин 8-пунктуна ылайык ишке ашырылган.