Бүгүн, 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына мурдагы депутат Равшан Жээнбеков арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын жараны, 1970-жылы 19-сентябрда төрөлгөн Жээнбеков Равшан Бабырбекович Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна өзүн көрсөтүү үчүн БШКга арыз менен кайрылды", - деп жазылган билдирүүдө.
Равшан Жээнбеков менен президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазгандардын тизмеси 42ге жетти. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.