Социалдык тармактарда пенсиянын өлчөмү кескин көбөйдү деп, тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул маалыматты президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү расмий төгүндөй турганын билдиришти.
Маалымат мейкиндигинде мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 пайызга — 5723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат тарап жатат.
"Бирок, бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган. Үстүбүздөгү жылы Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатат. Бул максаттар үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынат", - деп жазылат президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдирүүсүндө.