Биз социалдык тармакта

Кар жаашы мүмкүн. 16-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-ноябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 … -7, күндүз -2 … +3;

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Жалал-Абад, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -4 … +1, күндүз +3 … +8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1 … -6, күндүз +2 … +7;

Нарын облусунда түнкүсүн -5 … -10, күндүз -1 … +4 градус жылуу.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2 … -4, күндүз +1 … +3 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан