Биз социалдык тармакта

Гепарин, кол каптар, бет каптар, көз айнектер... Бишкекке Өзбекстандан гуманитардык жүк келди

Коңшу Өзбекстандан Бишкекке кезектеги гуманитардык жардам келди. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, гуманитардык жүктү кабыл алуу аземине вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Өзбекстандын өкмөтүнө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бул коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө багытталган алгачкы гуманитардык жардам эмес. Белгилей кетсек, кыйынчылык учурда Өзбекстан тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо өз учурунда берилип, ал биздин өлкөлөр ортосундагы чыныгы бир туугандык мамилелердин көрсөткүчү болуп саналат", - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр стратегиялык өнөктөштүк алкагында эки өлкөнүн биргелешкен күч-аракеттери аркылуу COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө жеңишке жетишерине ишеним билдирди.

Медициналык жүктүн номенклатурасы:

* бир жолу колдонулуучу кол каптар - 100 миң даана;
* бир жолу колдонулуучу коргоочу комбинезондор - 10 миң даана;
* коргоочу көз айнектер – 2 миң даана;
* бир жолу колдонулуучу бет каптар – 100 миң даана;
* Гепарин 5 миллиграмм – 1 миң куту;
* Ремдесевир – 5 миң таңгак;
* COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң даана;
* COVID-19 вирусун аныктоо үчүн тест – 10 миң даана;
* натрий хлор 100 миллиграмм – 4 миң даана;
* бир жолу колдонулуучу шприцтер – 60 миң даана;
* тамчылатуучу системдер – 20 миң даана.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2020-11-16 09:30:09
Аллах раазы болсун Өзбек элине жана журт башчысына
+7
bond02
2020-11-16 09:44:43
Гум жардамга суйунуп журо берет экенбиз да, Шавкат Садырды башынан кармайын дептир да, эртен ошолор менен чек ара маселеси жаралса биздикилер алар эмне десе макул болушат, себеби алар берген биздикилер алган.
-6
Bobby1995
2020-11-17 20:44:52
Келип эле атат не ошолорду элге бербей атат доктурга барсан Бир парацетамол жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан