Биз социалдык тармакта

Кайда экени белгисиз болгон мурдагы министр Кашкар Жунушалиевге окшош адам Москвада концертте отурган сүрөт тарады

10-ноябрда Орусиянын ички иштер кызматкерлеринин күнүнө карата Кремлде концерттик иш-чара болуп өткөн. Аталган концерттен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окшош адам отурганын байкоого болот. Концерттин видеосу бир нече сайттарга жарыяланган.

Орусиянын Биринчи каналынын интернет баракчасында жарыяланган маалыматка ылайык, пандемияга байланыштуу ИИМ кызматкерлеринин күнүнө карата бул жылы концерт уюштурулган эмес. 10-ноябрда эфирден коюлган концерт 2019-жылы өткөн.

Белгилей кетсек, 8-октябрда ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу Курсан Асанов маалымат жыйын өткөрүп, Кашкар Жунушалиевдин качып кеткенин билдирген.

Ал эми 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында мурдагы ИИМ министри тергөөгө келбегенин жана кайда экени белгисиз экендигин айткан.

Кашкар Жунушалиевге окшош адам Москвада концертте отурат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2020-11-16 11:55:52
Чиновник, вор, эл душмандары, зыянкечтердин олкодон чыгып кетуусуно богот коюу, чыгарбоо жана качып кеткендерди кайтарып келуу боюнча озунчо коз карандысыз мамлекеттик орган ачыш керек уже.
+2
Ahunov
2020-11-16 12:08:39
Ошолго
+2
Kuban-1207
2020-11-16 16:02:09
Алып келип камаш керек Жеенбековдор качан камалат кустуруш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан