Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 2 медкызматкер кызыл зонада жуктурган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Баткен облусунда – 2;
Бишкек шаары – 7 (кызыл зонадан 1);
Чүй облусунда – 3 (кызыл зонадан 1);
Ош шаары – 1;
Жалал-Абад облусунда – 4;
Талас облусунда – 3;
Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 3735, алардын ичинен 3499 медкызматкер сакайды.