Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде тартылган жарнама талкууга түштү. Жарнамада үй аны ижарага алып жашаган адамдары менен кошо сатылары жазылган.
Интернет колдонуучулардын айрымдары жарнама туура эмес жазылганын айтса, дагы бир бөлүгү үйдүн ээси ижарага алган адамдар көчөдө калбасы үчүн мындай жарнама бергенин жазып чыгышкан.