АКШ президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жеткендигин жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Мен шайлоодо жеңдим" деп жазган Трамп.
АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда болуп өттү. Американын алдыңкы маалымат каражаттары шайлоодо Демократиялык партиядан талапкери Жо Байден жеңишке жетишкенин жарыялашты. Мындан тышкары, көптөгөн дүйнөлүк лидерлер аны жеңиши менен куттукташкан. Ошол эле учурда Трамп шайлоо бүтө электигин, сотто өзүнүн жеңишин коргоого ниеттенип жаткандыгын билдирүүдө.