2020-жылдын 1-жарым жылдыгында калктын акчалай кирешеси дээрлик 8 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, январь айынан июнь айына чейинки аралыкта калктын номиналдык кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга төмөндөсө, реалдуу киреше 7,7 пайызга төмөндөгөн. Жарандардын кирешесинин басымдуу бөлүгү эмгек ишмердүүлүгүнөн түшүп, 69 пайызды түздү.