Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Бишкекте көмүргө болгон баа көзөмөлдөнөт"

Биринчи Май райондук акимчилиги муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте Бишкек шаарындагы көмүр сатуучу жайларына текшерүү жүргүзүп келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Анда көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалат.
"Күз-кыш мезгилдеринде көмүрдүн баасына карата спекуляция кылууну болтурбоо максатында алдын ала профилактикалык иштер жүрүүдө. Сатуучуларга көмүрдүн баасы гана эмес, сатуу точкаларынын айланасын тазалыкта кармоо тууралуу дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө шаарда көмүрдүн камы жетиштүү экени аныкталды. Бишкек шаарында көмүрдүн баасы көзөмөлдө болот", - деп жазылат маалыматта.
Мэрия рейд жүргүзгөн маалда көмүрдүн (Кара-Кече) 1 тоннасы 3 миң 700 сомдон 3 миң 800 сомго чейин болуп жатканы маалымдалды. Ал эми бир кап көмүрдүн баасы 170 сомдон 180 сомго чейин болгон. Ал эми шаар тургундары көмүрдүн 1 тоннасын сортуна жараша 3 миң 800 сомдон 4000 сомго чейин сатып алып жатканын билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-11-16 15:55:15
Көмүр кымбат акча жокто
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан