Биз социалдык тармакта

Айыл чарба министрлиги да коррупцияга каршы күрөшүүнү баштады. Ал үчүн атайын WhatsApp номур иштейт

Коррупциялык схемаларга каршы туруу максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин WhatsApp номуру иштей баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтеги коррупциялык көрүнүштөрдү байкагандар 0555433300 WhatsApp номуруна байланышка чыкса болору маалымдалат.

Бул боюнча Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин "Урматтуу жарандар, эгер сиз министрликтеги коррупциялык схемаларды же коррупциялык көрүнүштөрдү байкасаңыз дароо бизге кайрылууңуздарды суранабыз. Бизге фактыларды билдириңиз, маанилүү маалыматтарды жөнөтүңүз. Коррупция менен баарыбыз биргеликте күрөшөлү”, - деп айтканы жазылган.

Ошондой эле Тилек Токтогазиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

"Коррупциялык схемаларга каршы туруу үчүн биз менен бирге болуңуз!" , - деп жазылат билдирүүдө.

Бул боюнча министрликкке байланышканыбызда коррупциялык схемаларды аныктоо үчүн WhatsApp номурга келген маалыматтарга атайын түзүлгөн комиссия көзөмөл жүргүзөрүн белгилешти.

"Республиканын ар бир жараны аталган номурга фото / видео маалыматтарын жөнөтө алат. Алынган маалыматтар сөзсүз текшерилет жана керектүү чаралар көрүлөт. Ушул сыяктуу маселелерди жана жарандардын башка суроо-талаптарын ыкчам чечүү үчүн келечекте телеграмма ботун киргизүү пландаштырылууда" , - дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saat1200
2020-11-16 19:58:14
Мына жаштар иштегиле
+5
Rakyl12
2020-11-17 11:01:47
Бу да фактылар дейтго, президентти кетирдик эле факты деп атат деп, негизи факт берсенда ишке ашышы кыйын.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан