Биз социалдык тармакта

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси алмашты

Сталбек Шаршеев Жарандык авиация агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров 13-ноябрда кол койгон.

"Транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев Жарандык авиация агенттигинин эмгек жамаатына Сталбек Шаршеевди тааныштырды. Министр мурдагы директор Курманбек Акышевге аткарган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Транспорт жана жол министри белгилегендей, агенттиктин алдында көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат. Алардын негизгилеринин бири - Кыргыз өлкөсүнүн авиакомпанияларын Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгаруу", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан