Эртең, 17-ноябрда өлкө аймагында кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-ноябрда күндүз жана 19-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7, күндүз +3;
Талас облусунда түнкүсүн -6, күндүз -2;
Ош облусунда түнкүсүн -2, күндүз +4;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -1, күндүз +6;
Баткен облусунда түнкүсүн - 4, күндүз +3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1, күндүз +4;
Нарын облусунда түнкүсүн -8, күндүз +1.
Бишкек шаарында кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -3, күндүз -2 градус болот.