Биз социалдык тармакта

Бишкекте электрондук айдоочулук күбөлүктү киргизүү пландалууда

Бишкек шаарында мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында электрондук айдоочулук күбөлүктөрүн жана унаа каражаттарын каттоо күбөлүктөрүн киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, д
олбоордун техникалык иштеп чыгуучусу Мамлекеттик каттоо кызматы. Аны ишке ашырууда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы колдоо көрсөтөт. Долбоор Бишкек шаарында сыноодон өтүп, бир жылга эсептелген.

"Эми унаанын айдоочулары мобилдик тиркеме аркылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жана транспорттук
каражаттарды каттоо күбөлүктөрүнүн электрондук формасына өтүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Бул долбоорду ишке ашырууда каржылык чыгымдары үчүн мамлекеттин казынасынан каражат бөлүнүп алынбайт. Ал эми мурда сатып алынган планшеттик компьютерлер электрондук күбөлүктү иштетүү жана текшерүү үчүн колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Oshondoi
2020-11-16 19:21:12
Я за
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан