18-ноябрда Жогорку Кеңеш азык-түлүктөрдүн бааларынын жогорулашы боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйын парламенттин жыйындар залында өтөт. Күн тартип боюнча отурумда 8 маселе каралат.
Ошону менен катар эле "Орто-Сай" базарынын аймагында чыккан өрттүн себептери, курулуш жана турак жай объекттерине карата жүргүзүлүп жаткан алдын алуу чаралары жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы угулат.