Биз социалдык тармакта

БШКнын төрайымы: "3-декабрга чейин президенттикке аттанып жаткандар шайлоо күрөөсүн жана 30 миңден кем эмес шайлоочулардын кол тамгасын тапшырышы керек"

3-декабрга чейин президенттикке аттанып жаткандар шайлоо күрөөсүн жана 30 миңден кем эмес шайлоочулардын кол тамгасын тапшырышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жыйында билдирди.

"Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, 10 күндүн ичинде талапкерлердин берген маалыматтарынын мыйзамдарга ылайыктуулугу жөнүндө БШК тарабынан маалым кат берилет. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп жатканына байланыштуу бардык мөөнөттөр кыскартылган. Ошондуктан 8 күндүн ичинде маалым каттар берилиши керек. Календардык планга ылайык, 3-декабрды кошкондо талапкерлер 30 минден кем эмес шайлоочулардын кол тамгасын чогултуп бериши керек. Ошону менен бирге шайлоо күрөөсүн төлөшү шарт. Андан кийин каттоо жүргүзүлөт. 15-декабрдан баштап үгүт иштери башталат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2020-11-17 08:28:37
Нуржан Шайлдабекованы жумуштан кетире албай койду го. Бул айым кетмейинче БКШ онолбойт. Баягы эле коррупция дагы эле боло берет.Нуржан Шайлдабекова кетсин БШК дан.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан