Президенттикке аттанып жаткандардын 62си шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов билдирди.
"65 талапкер президенттикке аттануу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган. Анын экөөсү арызын кайтарып алган. Ошондо 63 талапкер калды. Ичинен 55и эркек киши, 8и аял киши. Анын бирөөсү партиядан көрсөтүлдү. Калганы өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого барат", - деди ал.