Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Кытай Тышкы иштер министрлери "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарынын толук кандуу иш алып баруу маселелерин талкуулашты

Кыргыз-Кытай Тышкы иштер министрлери "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарынын толук кандуу иш алып баруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер Кыргыз-Кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эки өлкөнүн ортосундагы мурда чечилген келишимдерди ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүштү.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз өкмөтү өлкөдө иштеп жаткан компаниялардын жана ишканалардын, ошондой эле Кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрө тургандыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан