Ольга Бузова муз үстүндө машыгуу учурунда өзүн начар сезип жыгылды
Орусиянын Биринчи каналынын "Муз доору" долбоорунун катышуучусу, теле алып баруучу Ольга Бузова муз үстүндө машыгуу учурунда өзүн начар сезип, жыгылды. Бул тууралуу видео Telegram каналына жарыяланган.
Видеодо алып баруучу машыгуу учурунда муз үстүнө отура калып колун көкүрөгүнө коюп оор дем алганын көрүүгө болот. Ага өнөктөшү муз үстүндө бий боюнча "Сочи 2014" олимпиадасынын чемпиону Дмитрий Соловьев жана бир нече адам көмөк көрсөтүп жаткан. Алып баруучунун ден соолугу тууралуу азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, "Муз доору" шоусу 2007-жылдан бери "Биринчи каналдан" берилип келет. Анда муз үстүндө жылдыздардан жана профессионал фигуристтерден (коньки тебүүчүлөрдөн) турган жуптар таймашат.