Биз социалдык тармакта

Депутат унаа жолдору сапатсыз курулуп жатканын айтты

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде республиканын 2021-жылдын бюджети жана 2022-2023-жылдардын болжолу тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Анда жолдорду куруу, оңдоп-түзөө, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана мамлекеттик тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн казына каражатын натыйжалуу пайдалануу маселеси козголду.

Депутат Калдарбек Баймуратов унаа жолдору сапатсыз курулуп жатканына нааразылык билдирип, жолдор курулуп бүтпөй жатып, артынан бузулуп жаткан учурларды айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dastanali
2020-11-17 15:30:17
Тендер жоюлбаса баардык нерсе сапатсыз боло берет окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан