Бишкектеги "ГУМ Чынар" соода борборунда шек жараткан баштык табылып, мекеменин ичиндеги жарандар эвакуацияланды. Учурда соода борбору курчоого алынды дейт Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы.
"Бүгүн, 17-ноябрда саат 16:10до Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө аталган соода жайдан шек жараткан баштык табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу жөнөп, мекеменин ичиндеги жарандарды эвакуацялап, курчоого алды. Кошумча маалымат берилет", - дейт басма сөз катчы.
Жеринде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, соода борбордун ичине эч кимди киргизбей жатышат.

Буга чейин "ГУМ Чынар" соода борборунда адамдар эвакуацияланганын мекеменин админстрациясы тастыктаган.