Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 18-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 18-ноябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Күндүз Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;

Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;

Баткенде ​түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте 18-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -2…-4 градус суук болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан