Бүгүн, 17-ноябрь эл аралык студенттер күнү. Пандемияга байланыштуу бардык студенттер онлайн окуп жатышат. Эгерде өлкөдө коронавирус болбогондо, бүгүн студенттер студенттик күндөрүндөгү эң бир эсте калаарлык майрамды окуу жайда өткөрүп жатышмак.
SUPER.KG порталы, азыркы студенттерден, шаар тургундарынан мурунку студенттер менен азыркы студенттер эмнеси менен айырмаланат, дегеле алардын студенттик жашоосу тууралуу суроолорду узатты.
Калаадагы студенттердин айтымында, алар онлайн окуп да, иштеп да жетишип жатышат. Ал эми аймактардагы студенттер болсо, ата-энесине көмөк кылып, үй иштерине жардам берип жүргөндөрүн, онлайн шартын туура пайдаланып, өздөрүн ар тараптуу өнүктүрүп жаткандарын айтышты.