Биз социалдык тармакта

100 миң сомго чейин насыя алгандардын үстөк пайызын мамлекет төлөй турганын убадалаган. Насыя алгандар кайда кайрылса болот?

Өлкөнүн финансы-кредит уюмдарынан насыя алгандарды (өкмөттүн 13-ноябрдагы №552 токтому менен) үстөк пайызын төлөөдөн бошотуу чечими кабыл алынды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына чейин банктардан жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынан 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө насыя алгандар декабрь, январь, февраль айларында чегерилген үстөк пайыздарды төлөөдөн бошотулат. Ал үчүн жарандар үстөк бааларды төлөөдөн бошотулган карыз алуучулар реестрине катталуусу керек.

Насыя алгандар реестрге кантип катталат?

* Насыя алгандар 2020-жылдын 5-декабрына чейин реестрге катталуу үчүн банктарга, финансы-кредиттик уюмдарга (насыя алган жай) арыз менен же электрондук байланыш каналдары аркылуу кайрылуусу керек.

* Эгерде бир нече банктардан насыя алган болсоңуз, анда өз каалооңуз менен тандап алган бир гана банкка өтүнүч кат менен кайрылууңуз абзел.

* Улуттук банк насыя алуучуларга үстөк бааларды төлөөдөн бошотулган карыз алуучулар реестрине кирүү үчүн өз убагында арыз менен кайрылуу зарыл экендигин эскертет.

- Улуттук Банк финансы-кредиттик уюмдар тарабынан түзүлгөн карыз алуучулардын реестри түзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде Финансы министрлигине жыйынтыкталган тизмени жөнөтөт.

- Финансы министрлиги ай сайын Улуттук Банктан карыз алуучулардын жыйынтыкталган реестрин жана финансы-кредит уюмдарынын билдирмелерин алган күндөн тартып 5 жумуш күнү ичинде тиешелүү банктардын эсептерине субсидиялардын (мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр) суммаларын которот.

- Маалыматтардын ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында Улуттук Банк инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүп, өкмөттүн токтомунда белгиленген ченемдердин жана талаптардын аткарылышын текшерет.

Өкмөт тарабынан төлөнө турган үстөк баалардын жалпы суммасы болжол менен 1 миллиард 2 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
make2
2020-11-18 11:36:33
Элди ойлосоңор үч айлык устөк пайзды эмес, обший процентти 0,5% азайтыш керек а бул мелоч
-3
AksyKum
2020-11-18 11:51:21
make2,сен иштет анан бироо толойбу.усток пайызын албагангада шугур кылсан
+3
bayern-munchen
2020-11-18 16:15:51
AksyKum,туура айттын жон койсо нанды чайнап оозума сал дегени турат
+2
make2
2020-11-19 01:04:38
bayern-munchen,же сен толоп жатасыңбы менин кредитимди өзүңдүн тирилигиңди кылчы мага сайылбай
0
make2
2020-11-19 00:51:58
AksyKum,менин кредитим бар бирок ошол мелочту албай эле койдум
0
make2
2020-11-19 00:57:40
AksyKum,Сен башыңды иштет эсепте бизде канча процент менен берет, чет мамлектте канча,элдин канын соруп жатышат, раим 700000$ ордуна 500000сом бергендин бир туру
0
Mital.89
2020-11-18 21:24:20
make2, Жакшылык жакпайт экенда ээ.
+1
make2
2020-11-19 00:52:34
Mital.89,сен кредит толоп берип жатасыңбы мага кыпчылбачы,сага не балам
0
AdylbekB84
2020-11-19 02:50:01
make2,туура айтыпсың андан көрө ошол пайызын гана азайтып берсе баарына жакшы болмок эл утмак, элге жакшы болот эле! Мейли ушунусуна деле шүгүр, эмки жылдарга пайызын 5% ке түшүрүп койсо ажеп эмес!
+2
albinochka2015
2020-11-18 19:24:01
Мен сурадым банкка чалып,алган кредиттин суммасынын ар ай сайын толомунун %гана толонот экен.
+1
bratanyn
2020-11-19 07:54:07
Бир айлык пайыздан кутултса деле өзүбүзгө пайда.Шүгүр кылалы!
+1
samarbek.88
2020-11-19 08:48:09
банктар бул кабардан кабарыбыз жок деп жатышатго андай болбойт деди
+1
Гүлзина Каныбекова
2020-11-19 09:24:55
samarbek.88, Саламатсызбы. Ушул жерге байланыш номериңизди калтырып коесузбу.
0
samarbek.88
2020-11-19 18:13:05
Гүлзина Каныбекова,0222 53 03 43
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан