
Жалал-Абад шаарындагы такси айдоочулары жол кирени өз билемдик менен көтөрүп алгандыгы тууралуу маалымат тараганы үчүн рейд жүрөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарындагы жеке таксилер жол акысын көтөрүп алганы айтылган. Буга байланыштуу шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, жол кайгуул кызматынын жетекчилери менен жолукту. Бүгүн, 18-ноябрда таксилерге рейд жүргүзүп, жол акысын кымбаттатып алгандарга чара көрүүнү тапшырды", - деп билдиришти мэриядан.
Ал эми коомдук транспорттордо баа өзгөргөн эмес. Төрага такси кызматтарынын өз алдынча бааны жогорулатып алганын сындап, ага негиз жоктугун белгилеген.