Эртең, 19-ноябрдан тартып Бишкектеги кинотеатрлар жана соода борборлордогу тамактануучу жайлар ачылары айтылууда. Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине байланышканыбызда, азырынча расмий чечим чыга электигин айтат.
"Буга чейин 19-ноябрдан баштап борбордогу кинотеатрларды жана соода борборлордогу тамактануучу жайларды ачуу маселеси каралып жаткан. Бирок бизге тиешелүү жактардан расмий түрдө уруксат бериле элек. Биз дагы жооп күтүп жатабыз", - дешти министрликтин маалымат катчысы.

Өлкөдө коронавирус инфекциясы катталгандан тартып, тагыраагы, март айынан баштап театрлардын, кинотеатрлардын, балдардын оюн аянтчасынын, тамактануучу жайлардын иши белгисиз мөөнөткө токтотулган.