Орусияда сутка ичинде коронавирустан 450дөн ашык адам каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 20 миң 985 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 456 адам каза болсо, 25 миң 279 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 4174 (айыккандар 5503);

Санкт-Петербург - 2215 (айыккандар 1168);

Москва облусу - 864 (айыккандар 499);

Нижегород облусу- 432 (айыккандар 885) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 991 миң 998 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 34 миң 387 адам каза болсо, 1 миллион 501 миң 83 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан