Акыркы сутка ичинде өлкөдө 1 адам коронавирустан каза болду. Ал Баткен облусунун тургуну. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.
Коронавирус өлкөгө келгенден бери оорудан каза болгондордун саны 1 миң 496га жетти.