Борбордук шайлоо комиссиясы президентикке талапкерлердин бир канчасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Бул тууралуу чечим аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Курсан Асановдун, Бакытбек Жумагуловдун, Саматбек Ибраевдун, Бактыбек Калмаматовдун, Адилет Маматовдун, Ильгиз Товкеевдин, Бабыржан Тольбаевдин, Акжолтой Тукуновдун, Санжарбек Энназаровдун, Азамат Эсенбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоодон өттү.
Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген.