Бишкектин "Тазалык" муниципалдык кызматынын жумушчу кыз-келиндери фотосессия уюштурушту. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ооба, Бул айымдар биздин ишкананын кызматкерлери. Ар күн сайын алар шаардын көчөлөрүн тазартышат. Биз дагы бир жолу эксперимент жасап, кыздарыбызды башка тарабынан көрсөтүүнү чечтик", - деп жазды Каракеева.
Ал билдиргендей, сүрөттөгү Айнура, Ноиля, Ирина, Лейла жана Наталья аттуу айымдар. Алар Октябрь, Свердлов райондорунун жана "Ала-Тоо" аянтынын тазалыгына кам көрүшөт.