Бүгүн, 18-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 100 миң долларга дары-дармектер, анын ичинде гепарин жана антибиотиктер тапшырылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бул дары каражаттарын Европа биримдигинин финансылык колдоосу алдында ЮНИСЕФ сатып алган.
Дарылардын арасында:
Дары каражаттарын тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Тимурлан Кысанов, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэн жана ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник катышты.
Бул дарылар COVID-19га каршы туруу, негизги дары каражаттарынын тартыштыгын болтурбоо максатында Тышкы иштер министрлигинин өтүнмөсүнө жооп катары алынды.