Депутат Жанар Акаев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары тастыкташты.
Маалыматка ылайык, азырынча кайсы маселе боюнча суракка чакырылганы белгисиз. Ага чакыруу бүгүн, 18-ноябрда келген, чакырууда сурак эртең 19-ноябрда болору көрсөтүлгөн.