19-20-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен жолугат. "Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий-соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин кароо пландаштырылууда. Тараптардын жолугушуусунда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселе каралат", - деп жазылат маалыматта.