Биз социалдык тармакта

"Өзбекстандын каржылоосу менен". Баткенде 200 орундуу оорукананын курулушу башталды

Коңшу Өзбекстандын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районуна 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иши башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, оорукананын курулушу үчүн модулдук курулмаларды (контейнер) алып келген, “Өзбекстан темир жолдору” ачык акционердик коомунун жетекчиси Хуснитдин Хасилов баштаган делегацияны, Кызыл-Кыя шаарындагы темир жол бекетинен, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов тосуп алды.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө кошуна мамлекеттин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, “Пандемия менен күрөшүүдө, элибиздин саламаттыгына кам көрүп, жакындан жардам көрсөткөнү, эки элдин кылым карыткан кошуналык жакын мамилесин далилдеп, кыргыз-өзбек элинин ынтымагын дагы бир ирет бекемдеди”, - деди.

Ооруканага ыңгайлашкан 40 контейнер темир жол аркылуу облуска келип түштү. Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулат. Учурда оорукананын ордун даярдоо иштери башталды.

Жетекчилер бул күнү оорукана курулуучу жерди да көрүп чыгышты. Оорукана 10 күндүк мөөнөттө курулуп бүтүп, керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат. Ал эми бейтаптарды дарылоодо Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, баткендик кесиптештери менен тажрыйба алмашышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zhunusali
2020-11-19 12:16:40
Кумонум бар ушул Мирзиёёв деген КАНДЫ болот окшойт.
+3
Mirnar
2020-11-19 12:38:33
Ушудан коро олуп эле алгылачы. Кантип оздору кура албайт оорукана? Налог патентти ... Толоп эле жатпайбызбы?
+4
kamchatka
2020-11-19 12:49:01
Акмак экенсинер озбектер оздору аран жашап жатышса алардан кайра кайра жардам сурайсынар эмнебиз кем алардан качан олосунор амактар куйдуруп буттунорго
+5
bessmertiy
2020-11-19 13:51:44
Мирзиёевдин теги кыргыз, кыргыздын каны бар деп бир сайтта жүрөт го. Кандаштарына тартат окшойт дейм.
-1
bond02
2020-11-19 15:43:14
bessmertiy,Мирзиеев кыргыз болот деп ишенип журуп озун озбек болуп кетип журбо.
+4
AdylbekB84
2020-11-19 16:37:07
bessmertiy,кыргыз эмес тажик деп уктум эле, өзбекстандыктардан.
+2
Missing-u
2020-11-19 16:46:06
Мирзиёевти жаман коросунор ал силердин ашынарды талаштыбы,аз убакытта мамлекетин онуктуруп салды. Биз,кыргыздар,бироону жамандап каралагандан башканы билбейбиз,коро албайбыз,ичибиз тар,колубуздан эчнерсе келбейт бирок кыйын болгонду жакшы коробуз. Керек болсо Озбекистандан 20 жылдай артта калганбыз,кайсы арыбызга кыйын болобуз?! Озубуз ондолмоюнча мамлекет онолбойт,элибиз дагы деле карангы бул ачуу чындык,моюнга алышыбыз керек!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан