Биз социалдык тармакта

Нуржигит Кадырбеков КМШга мүчө мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңешинин жыйынына катышты

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков КМШга мүчө мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, отурумга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Молдова, Орусия, Өзбекстан мамлекеттеринин жана Эл аралык Дельфий комитетинин, КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Онлайн-конференция түрүндө өткөн жыйында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн маданий кызматташтыгын бекемдөө боюнча маанилүү маселелер талкууланды.
"Нуржигит Кадырбеков маданий кызматташтык боюнча кеңеш эл аралык кызматташууну бекемдөөгө чоң салым кошкон уюм экенин белгилеп, 2016-2020-жылдар аралыгында Кыргыз өлкөсүнүн Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлгөн негизги иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан