Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочусу Сергей Слесарёвдун абактагы жолугушуусу жашыруун камерага тартып алынган видео боюнча Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Жоошев өзү тастыктады.
"Абактагы жашыруун тартып алынган видео боюнча кечээ, 18-ноябрда Башкы прокуратурага бардык далилдери менен арыз жаздым", - деди Жоошев.
Буга чейин Замир Жоошев узактыгы 42 мүнөттөн ашкан Атамбаев менен Слесарёвдун сүйлөшүүсү тууралуу видео 5-октябрда Ак Үйдөн табылгандыгы тууралуу билдирген.