"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Жети өмүрү жерге кирүү - абдан катуу уят болуу, сынып калуу. Мисалы: Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр. (К.Кушубеков)
2. Куйкасы курушуу - ачуулануу, кыжыры келүү. Мисалы: Бул сөздү укканда Мырзабектин куйкасы курушуп, буркан-шаркан түшөт. (К.Баялинов)
3. Кактабай канын соруу - аябай эзүү, запкы көрсөтүү, ырайымсыз мамиле жасоо. Мисалы: Эгер Орозкул иштен кууп жиберсе, кемпири кактабай канын сорот. (Ч.Айтматов).