Барак Обаманын китеби биринчи сатыкка чыккан күнү эле рекорд койду

АКШнын экс-президенти Барак Обаманын китеби биринчи сатыкка чыккан күнү эле рекорд койду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Обаманын "Эңсеген жер" мемуардык китебинин биринчи тому алгачкы сатыкка чыккан күнү АКШ жана Канадада 887 миң экземпляр сатылган. Ал эми АКШ жана Канада үчүн 3 миллион 400 миң экземпляр чыгарышкан.

Барак Обаманын жаңы чыккан китебинде ички жана тышкы саясаттагы ийгиликсиз күндөрү жана бала чагынан тартып саясатта орун алганга чейинки таржымалы тууралуу баяндалат.

Ал 2008-жылдан 2016-жылга чейин АКШнын президенти болгон. Буга чейин анын "Атамдын кыялы", "Тайманбастык жана үмүт" аттуу китептери жарык көргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adelya4366
2020-11-19 23:19:39
Мага да кызык ошол китеп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан