"Сениби, шашпа!" мультфильми жаңыланган версияда чыкты

"Сениби, шашпа!" мультфильми жаңыланган версияда чыкты. Ал онлайн форматта көрсөтүлөрүн орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Мультфильмдин жаңы версиясындагы эпизоддордун биринчи бөлүгү эс алуу учурунда каармандардын жоруктары көрсөтүлөт. Коёндун үнүн коштогон "Кечки Ургант" программасынын алып баруучусу Дмитрий Хрусталев болуп, ал эми карышкырдын үнүн коштоп куудул Гарик Харламов чыгары белгиленген. Каармандардын сырткы көрүнүшү да жаңыланды. Карышкырдын ак-кара сызыктуу футболкасынын ордуна спорттук форма жана ак түстөгү спорттук бут кийим кийген, колуна саат тагынган жаш каарман бекитилген", - деп жазылат маалыматта.

"Сениби, шашпа!" мультфильминин жаңы версиясы пандемияга байланыштуу онлайн форматта 16-ноябрдан баштап Эл аралык Петербург театрында акысыз көрсөтүлүп баштаган жана ал жыл сайын дүйнөлүк алдыңкы театрларда тартууланары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
faraon312
2020-11-19 22:47:15
Биздин бала чактын зериктирбеген каармандары.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан