Биз социалдык тармакта

Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 19-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинде “54-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасы” жана “IchO-2020” олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү министрлик тарабынан баалуу белектер менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-2020-окуу жылында Кыргыз өлкөсүнүн жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында пилоттук түрдө альтернативдүү олимпиада өткөрүлгөн.

Олимпиаданын негизги максаттары:

  • физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн талапкерлерди тандоо жана даярдоо;
  • өзгөчө зээндүү окуучуларды аныктоо жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
  • окуучулардын табигый-математикалык циклдеги предметтерди терең өздөштүрүү боюнча окууга умтулуусунун жана кызыгуусунун деңгээлин жогорулатуу;
  • окуучуларда критикалык талдоо көндүмдөрүнүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн баалоо жөндөмдөрүнүн өнүгүүсүнө жана жеке билиминин келечектеги жолун аныктоого көмөктөшүү;
  • эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн даярдоочу жогорку квалификациялуу, чыгармачыл окутуучуларды аныктоо жана шыктандыруу эсептелет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан