Биз социалдык тармакта

"Досторунун үйүндө убактылуу жашап жатат". Бакай-Ата конушунда турак-жайы күйүп кеткен 3 балалуу үй-бүлөгө жардам берүү маселеси каралды

17-ноябрга караган түнү Бишкектин Бакай-Ата конушунда турак үйдөн өрт чыгып, ичиндеги эмеректер, документтер, акча жана башка буюмдар күйүп кеткен.
Өрт чыккан турак үйдө 3 балалуу ата-эне жашачу. Учурда алар досторунун үйүндө убактылуу баш калкалап жатканын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Свердлов районунун акими Мурат Осмонов турак үйү күйүп кеткен үй-бүлөгө көмөк көрсөтүү максатында чукул жыйын өткөрдү. Анда №21 аймактык муниципалдык башкармалыгынын жетекчисине жабыркаган үй-бүлөгө документ алып берүүгө, ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, ыктыярчылардан акча каражатын топтоого жардам берүүнү, жергиликтүү жашоочулар арасында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Райондук акимчиликтин жана профсоюздук комитеттин кызматкерлери бир күндүк маянасын которуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek11
2020-11-20 10:50:45
Баякы эле элден чогултмай экен да. Мен ойлопмун квартира берди окшойт деп. Аттин
0
Nina.alex
2020-11-20 12:03:26
Ыктыячылардан акча чогултмай дейтко. Бизде деги олко барбы,,???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан