АКШнын Жоржия штатындагы добуштарды кайра саноо Демократиялык партиянын талапкери Жо Байдендин жеңишин тастыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, добуштарды кайра саноо Жоржия штатынын бардык 159 округунда орун алган. Жалпы 5 миллиондон ашык бюллетень кайра саналып, Байден 2 миллион 475 миң 141 добуш алса Республика партиясынын талапкери Дональд Трамп 2 миллион 462 миң 857 добуш алган.
АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда болуп өттү. Американын алдыңкы маалымат каражаттары шайлоодо Демократиялык партиядан талапкери Жо Байден жеңишке жетишкенин жарыялашты. Мындан тышкары, көптөгөн дүйнөлүк лидерлер аны жеңиши менен куттукташкан. Ошол эле учурда Трамп шайлоо бүтө электигин, сотто өзүнүн жеңишин коргоого ниеттенип жаткандыгын билдирүүдө.