Биз социалдык тармакта

Роза Отунбаева Садыр Жапаровдун "азыркы Конституция бир нече адамдардын кызыкчылыгы үчүн жазылган" деген сөзүнө таң калганын айтты

Кыргыз өлкөсү мамлекеттик бюджеттин 20 пайызга жакынын түзгөн чет элдик гранттык каражаттардан куру калганы турат. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөлдөө комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сунушталып жаткан Конституциянын долбоору кабыл алынса мамлекеттик бюджетке чоң зыян алып келиши мүмкүн.

"Биздин өлкөдөгү мыйзамдын үстөмдүгү эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы керек. Бизге эл аралык уюмдар, венециялык комиссия көз салып турушат.

Мен Садыр Жапаровдун өкмөтүнө кайрылып кетким келет, Кыргыз өлкөсүнүн бюджети ашып барса болжол менен 2 миллиард долларды түзөт. Анын 20 пайызга жакыны сырттан келген гранттык жардамдар. Учурда жыртык-тешиги көп бюджетибиз менен эл аралык каражаттардан куру калуу коркунучунда турабыз. Көптөгөн тармактарыбыз чет элден келген жардамдын негизинде иштеп жатат. Кышында жарыгыбыз өчпөй калганынын себептеринин бири да ушул гранттык акчалар. Конституцияны өзгөртүү менен пандемия жүрүп жаткан оор мезгилде биз чет элдик жардамдардан куру калганы турабыз. Токтогула, ойлонгула. Элди эмнеге алып бара жатабыз? Жакында эле Кыргыз өкмөтү менен БУУнун ортосунда 25 миллион долларлык келишим түзүлдү. Бул каражатты качан гана мамлекет мыйзам талаасына түшкөндө БУУ бизге берет. Муну менен айтайын дегеним азыркы бийлик чоң тобокелдикке барып жатат.

Мен Садыр Жапаровдун "азыркы Конституция бир нече адамдардын кызыкчылыгы үчүн жазылган" деген сөзүнө таң калдым. Баарынын эсинде бар, 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга эл аралык баа берилген. Ал мыйзамдар элдин алдында ачык жазылган. Ошондуктан Жапаровдун айткандары чындыкка таптакыр дал келбейт", - деди Отунбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
bekov01
2020-11-20 16:06:18
Отунбаева менен текебаев ош окуясына жооп бериш керек биринчи. Булар ел душмандары
+18
modem4999
2020-11-20 17:19:22
bekov01,эй Беков сенин акылын Отунбаеваныкынан коппу? Отунбаева бир нерсени тушунгон учун айтып жатат.Ал кишиге азыр бийликтин деле кереги жок,
-14
Malik92
2020-11-20 20:36:39
modem4999,100 мин сом пенсиясынан коркуп жатат отункаеван.
+4
Asel69
2020-11-20 16:07:59
Бизде мыйзамдын устомдугу эмес, Садыр Жапаровтун жеке кызыкчылыгы устомдук кылып жатат. Садыр Жапаров топ фанаттардын кара кучун пайдаланып, зордукчул бийликти туптогону жатат. Бакиевтен сабак алгандын ордуна, алардын таз кейпин кийип калды. Садырдын таза ниети болсо биринчи кезекте олконун экономикасы боюнча демилге которуп, ошол боюнча кетмек. Бирок буга биринчи кезекте диктатордук бийлик керек болуп жатат. Ансыз да элибиз жакырчылыктын сазында жашап жатат.
-14
Kuban-1207
2020-11-20 16:09:41
Теке Роза былжырабай элди жайына койгулачы
+25
modem4999
2020-11-20 17:20:00
Kuban-1207,кашабызды чала берели дейсинби
-4
Asel69
2020-11-20 16:13:47
Эгер элибиз бай жашап, АКШ, Европага, Туш.Кореяга окшоп мыйзам так иштесе макул элек. Бизде азыр кандай. Бийлике молдочалыштар, даваатчылар, эски диний козкарашты карманган динчилдер менен ажыдаар адамдар элди башкарабыз деп олтурушат. Булардын айтып жаткан жомокторун угуп алып ишенгенден коркосун. Бир да далилге, акылга сыйбаган доктринаны тануулап жатышат. Популизм идеяларын жамынып элдин башын айлантып жатышат.
-12
talas0707
2020-11-20 16:48:38
Asel69, динге асылба, олорунду унутпа.
+15
Malik92
2020-11-20 20:38:08
Asel69,сен кимсин сенин конулуно карагыдай?
сен бир жугунду ичкен бир макоосун.
+1
Gabiku
2020-11-21 12:49:15
Asel69,арстандын катыны, каерде болсо динге асылып журосун да, бул жерде Дин жонундо айткан жок апчен, саясат жонундо соз кетип жатат. Кичине ойлонуп жазчы же силер тенирчилер чачты прическа кылып кое бергенге эле акылынар жетеби
+1
AdylbekB84
2020-11-20 16:32:00
Кыргызстандын ар бир жараны конституция тууралуу өз ойун айтууга укуктуу жана милдеттүү бул сөздү Садыр Жапаров өзү айтты, себеби мамлекеттин келечеги ушул конституцияда! Бизди чарчатканы ар бир башчы, президент келген сайын конституцияга кол салганы, жөн эле алымча, кошумча киргизип өзгөртсө дагы болотко, референдум кылып ага дагы акча кетирип отурбай!
0
al-abu-kinesz
2020-11-20 17:03:33
Чет элдик грант, кредиттен башка нерсе мээнерге келбейт сага окшогон жемкорлордун. Уурдаганга акча тийбей калышын ойлоп грант грант деп ыйлап атасынарбы? Эми Садыр келсе жашоо башкача болот!
+7
Deimon1990
2020-11-20 18:40:55
Кана ошол чет элден келген грандтар.Кимиң жедиң.Ошол грандтар өлкөбүзгө,элибизге пайдасы тийдиби.Жок кайдан.Грандтар ушуларга окшогон Отунбаева,Текебаев,Атамбаев өңдүү бок курсактардын ичине кирип кеткен.
Өлкөгө бир тыйын пайдасы тийбеген грандтын бизге эмне пайдасы бар Роза эже.
Шооруңарды шорподой гана катырса экен чиркиндики.
+10
ulaAjidar
2020-11-20 18:41:46
Роза абжем батыштын саясатын колдогону дагы бир жолуу далил
+9
Deimon1990
2020-11-20 18:45:36
Убагын ошол сырттан келген жардамдарды орду менен колдонгонуңарда азыркыдай экономикалык ж.б кризиске өлкөбүз учурабайт болчу.
Силер жеп алган себептен 3-төңкөрүлүш болуп жатат.Силердин өлкөнүн тагдыры кыпындай да ойлондурбайт.Силер болгону өз чөнтөгүңөрдү гана ойлойсуңар.
Так что оозуңарга байпагыңарды тыгып отура бергиле.Силерден эчким сураган жок.Моралдык дагы укугуңар жок.
+8
nazira...
2020-11-20 21:57:11
кысып отурчу, торунон горун жакын калганда калжандабай. Аркан ачылып калбасын тек отур.
+4
Mirnar
2020-11-21 11:23:56
Роза Отунбаеванын пенсиясында эл катары азайтыш керек. Себеби мамлекетибиз учун пайдалуу эч нерсе аткара алган жок!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан