Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Баш мыйзамга каршы чыгып жаткандардын ана башын ачыктайбы?

Бүгүн, 20-ноябрда Инстаграмдагы Садыр Жапаров деген баракчага төмөндөгүдөй билдирүү жарыяланды.

"Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтарым төмөнкүчө: Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери Курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте, кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам", - деп жазылат билдирүүдө.

Билдирүү Садыр Жапаровдун атынан жазылгандай жазылган жана буга чейин бул баракчага Жапаров жөнүндөгү маалыматтар жарыяланып келген. Баракча Садыр Жапаровго тиешелүүбү же жокпу так маалымат азырынча жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asel69
2020-11-20 18:34:58
Садыр элди алдабай эле кой. Сага окшоп далай деген адамдар кооз создорду суйлоп келишкен. Сенин турмодон чыга калып, зордук менен тануулап жаткан мыйзамын элге жакшылык алып келбейт. Андан коро экономиканы которо турган демилгени иштеп чык. Сен тузгон кенешмеге жалан эле сага сыйынган чимкириктер кирип алыптыр. Ал кенешмеден эмне чындык чыгат дейсин. Чексиз бийликти энсеп жатканын айдан ачык корунуп турат. Сенин эч бир тажрыйбан жок Садыр мырза.
-21
Jacob.
2020-11-20 20:46:20
Asel69, Элдин атынан сен суйлобой эле койчу!
+6
Kuban-1207
2020-11-20 21:28:34
Садыр алга
+8
Suzak12
2020-11-22 00:10:18
Садыр биздин президент болот Аллахым насип кылса.Садыр акадан элдин умуту ото чон.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан