Конституциянын жаңы долбоору алгач мамлекеттик тилде жазылары айтылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жаткан бүгүн, 20 - ноябрдагы отурумунда коомдук - консультативдик кеңешменин алкагында бир катар сунуштар көтөрүлдү. Коомдук ишмер Турсунбек Акун аткаруу бийлигинин орду, адам укуктары боюнча беренелер, партиялык тизменин зарыл, зарыл эместигин тактоо шарттарын так аныктоо керектин белгиледи.
Баш мыйзамды жазууда котормо иши өтө чоң жоопкерчиликти талап кылынары айтылды. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Конституция мамлекеттик тилде жазыларын билдирди.