Биз социалдык тармакта

Талант Мамытов парламент имаратындагы оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

Бүгүн, 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент имаратында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талант Мамытов учурда Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттар жок экенин айтты. "Андыктан, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, оңдоп-түзөө иштерин ыкчам бүткөрүү аракети көрүлүүдө. Анткени алдыбызда чоң маселелер турат. Элибиз көптөгөн өзгөрүүлөрдү күтүүдө. Ар кыл маселелер ачык каралып, керектүү мыйзамдар кабыл алынышы зарыл", - деди ал.

Ушул жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларда парламенттин административдик имараты талкаланып, материалдык-техникалык зыянга учураган. Буга байланыштуу учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ага депутаттар да өз салымдарын кошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан