Биз социалдык тармакта

30-ноябрдан баштап Ош шаарындагы 1-класстын окуучулары кайрадан мектепке барып окушат

30-ноябрдан баштап Ош шаарындагы 1-класстын окуучулары кайрадан мектепке барып окушат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында вице-мэр Эмил Шадыханов баштаган шаардык жарандык коргонуунун штабынын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө шаар мектептеринин 1-класстарынын окуучулары үчүн мектептерди ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе каралды. Натыйжада штаб чечим кабыл алды. Ага ылайык, 1-класстын окуучулары тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен 30-ноябрдан тарта мектепке бара алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан