Кызыл зонада иштеп, обсервацияда жаткан медицина кызматкерлеринин абалы менен саламаттыкты сактоо министри таанышты

Кызыл зонада иштөө мөөнөтү аяктаган медицина кызматкерлери "Ак кеме" мейманканасында ачылган обсервацияда жатат. Тагыраагы, Улуттук госпиталдын кызыл зонада иштеген кызматкерлеринин абалынан саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабар алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, аталган мейманкананын имаратында ачылган обсервацияда мурунку күнү жылытуу түтүгү иштен чыгып, температура нормадан төмөн болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жардамы менен бул көйгөй чечилип, жылуулук берүү калыбына келтирилди. Мындан тышкары тамак-аш маселеси чечилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дарыгерлерге ысык тамак уюштурду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан