"Манас" эл аралык аэропорту ААКсы жарандарга кайрылып, жүргүнчүлөрдү тосуп алуучулардын жана узатуучулардын саны 1 адамдан ашпоосун суранат.
"Белгилүү болгондой, Кыргыз өлкөсүндө COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык жагдай туруксуз бойдон калууда. Буга байланыштуу аэропорттун имаратына киргизүү боюнча жүргүнчүлөргө колдонулуп жаткан чектөөлөр алына элек.
Көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Адамдын коопсуздугу жана ден соолугу баарынан маанилүү", - дешти мекемеден.